АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVIII– сессиясы
2016-жылдын 27-июлу № 216
“Ар кандай маселелер жана айыл тургундарынын арыздары жөнүндө”
Күн тартибиндеги ар кандай маселелерди жана айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулар чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXVIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- К.Нанаев атындагы Арал орто мектебин куруп жаткан фирманын жетекчиси З.Султаналиев кийинки сессияга чакырылсын жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы шагылды ким тарабынан уруксат алып, мектепке пайдалангандыгы тууралу сессияга маалымат берсин.
- Таштанды таштоочу жайдын уруксат кагазын алуу боюнча тактоо иштерин жана айылдын ген. планын түзүү иштерин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин .
- Жайыт комитетинин 2015-жылынын бюджетинин аткарылышы боюнча ар бир фермер менен түзүлгөн келишим жана төлөнгөн ижара акысы тууралу документерин көрсөтүү жана жайыт комитетинин 2016-жылынын бюджетин бекиттирүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин жана бул маселе кийинки сессияда каралсын.
- Айылга сууга түшүүчү жай куруу жөнүндөгү айыл тургуну Рысалиев Темиркулдун арызы табыхый шарттагы көлдү тазалоо иштерине күйүүчү май жана техника тарабынан жардам көрсөтүү менен аткарууга алынсын, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин жана арыз ээсине тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо жагын эскертилсин.
- Таза сууну депутаттык комиссия менен тез арада Т.Орозалиевге өткөрүп берүү жагы белгиленсин.