АК-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылышынын кезексиз 16- сессиясы
2018-жылдын 26-ноябры № 36
Ак-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 26- беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 31- беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Булак айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Булак айылдык Кенешинин тѳрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Б.Исраилов |