Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-марты № 5
«ГЛОБАЛ ЭНЕРДЖИ» компаниясына жер аянтын беруу жана трансформациялоо жөнүндө
Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын Таш-Булак участкасында «ЦАУК» жоопкерчилиги чектелген коому уран иштетүү боюнча иштерди пландаштырып жаткандыгына байланыштуу электр энергия менен камсыз кылуу максатында «Глобал Энерджи» компаниясына жалпы аянты 1,25га, анын ичинен 0,49га жер тилкеси жогорку чыӊалуудагы 220кВт көмөкчү чордонун курууга, 0,75га жер тилкесине кабельдик чубалгыларды орнотуу үчүн максаттык багытын трансформациялоого макулдук берилсин жана бул боюнча иш алып баруу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиева Майрамкүлгө милдеттендирилсин.
2. Ушул бөлүнүп бериле турган 1,25 гектар жер участкасынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Джодаев А.Б. |