Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(22.03.2019 токтомдун редакциясында)
2019-жылдын 22-февралы № 5
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган 14 867 000 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган 14 867 000 сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
1. Айыл өкмөткө кызматтык автоунаа сатып алууга 750 000 сом;
2. С.Каралаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 1-4класстарынын окуучуларынын тамак-ашына 160 000сом, Көк-Мойнок-1 жалпы билим берүү мектебинин 1-4класстарынын окуучуларынын тамак-ашына 90 000сом, Көк-Мойнок-2 негизги жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамак-ашына 50 000сом.
3. Смета, АПУ, ИТУ ж.б. жасатууга 447600 сом;
4. Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин айланасын курчоого 2 200 000 сом;
5. Ак-Өлөӊ айылына жаӊы ФАП курууга 3 200 000 сом;
6. Айыл өкмөткө музыкалык аппаратура алганга 200 000 сом;
7. Элдик революция кунуно болуштурулсун 170 000 сом;
8. СООППВ «Саламат Булак-Айыл-Суусуна» бактерицид алууга 350 000 сом;
9. Айыл аймактагы жолбун иттерди атууга 40 000 сом;
10. Көчөлөрдү жарыктандырууга Ак-Өлөӊ айылына 1 187 000сом, Көк-Мойнок-1 айылына 320 000 сом, Көк-Мойнок-2 айылына 320 000 сом;
11. Көк-Мойнок-1 айылындагы клубдун айлана чөйрөсүн курчоого 1 210 000 сом;
12. Көк-Мойнок-1 айылындагы таза сууга 1 200 000 сом;
13. «Испытатель БСУ» ЖЧКсынын аласа акчасы үчүн 252 400сом;
14. Көк-Мойнок-2 айылындагы «Байдамтал- Алтын булакка» электр линиясын тартууга 220 000 сом;
15. Көк-Мойнок- 2 айылына балдар аянтчасын курууга 300 000 сом;
16. Көк-Мойнок-2 айылындагы«Байдамтал- Алтын булак» таза суунун башына суу кошуу үчүн 200 000 сом;
17. Көк-Мойнок-2 айылына тренажердук инвентарларды алууга 700 000 сом;
18. ДЭУ участкасына балдар аянтчасын куруу үчүн 300 000 сом;
19. Көк-Мойнок-2 айылынын интернетине 150 000 сом.
2.Бул токтомду өз убагында аткарууну айыл өкмөт башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |