Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 29/2
Кара-Суу айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кенешинин укук сактоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика,социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Солтоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрь күнүндөгү №01-18 1/26 буйругуна ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кара-Суу айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо мыйзамга ылайык сунуштарды эске алуу менен өзгөртүлүп туруу жагы белгиленсин.
Төрага | Б.Назаров |