Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 30/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата бош калган каражатын пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттон бош калган 490,478 миң сом акча каражатын, атайын счеттон бош калган 72,750миң сом акча каражатын чыгымдоо беренелерге бөлүштүрүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К.Темиралиевдин жана Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет-экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
С. Табылдиевдин билдирүүсүн угуп Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары төмөндөгү чыгыштоо статьяларга бөлүнсүн.
Бюджеттик счеттогу каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Статья ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70111 -Аппарат | Курулмалардыучурдагыоңдоо | 22211200 | 490,478 |
| баары |
|
| 490,478 |
Атайын счеттогу каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Статья ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70111 - Аппарат | Курулмалардыучурдагыоңдоо | 22211200 | 72,750 |
| баары |
|
| 72,750 |
2.Жогорудагы бош калган акча каражаттары бөлүнгөн мекемелердин мекеме башчыларына, демилгелүү топтор менен биргеликте бөлүштүрүү тиркемесине ылайык, тийиштүү документтерин айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сатып алуу бөлүмүнө тапшыруу жагы милдеттендирилсин (бош калган каражатты бөлүштүрүү тиркемеси тиркелет).
3.Сатып алуу бөлүмү мамлееттик сатып алуу порталына конкурс жарыялап, конкурстук комиссия сатып алуу мыйзамына ылайык жеңүүчүнү аныктасын.
4.Тийиштүү документтер бүткөндөн кийин айыл өкмөт башчысы түзгөн келишимге ылайык бош калган акча каражатын, көрсөтүлгөн статьядан которуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси К. Темиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б . Назаров |