Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 30/4
Кара-Суу айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата комплекстүү өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга карата комплекстүү өнүгүүсүнүн стратегиялык планы боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдогазиевдин билдирүүсүн угуп тийиштүү материалдарды карап жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин 2018-жылдагы №13/1 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдарга карата комплекстүү өнүгүүсүнүн стратегиялык планы өзгөртүү толуктоолор менен кабыл алынып айыл аймагында аткарууга алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдогазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б . Назаров |