Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 30/6
Калктуу конуштарда таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын баасын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиси К. Темиралиевдин билдирүүсүн угуп жана карап талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштарын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым бир түтүнгө 25 (жыйырма беш) сомдон алынсын.
2. Кара-Суу айыл аймагындагы калктуу конуштарда таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды өз убагында чогултуу жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | Б . Назаров |