Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХХХII сессиясы
2019-жылдын 06-марты № 32/4
2019-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2019-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча айылдарда өткөн элдик жыйындардын протоколдорун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2019-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1.Айдоо (соко) 1 га. 1000 (бир миң) сом; 25 литр күйүүчү май.
2.Малалоо бир сыйрасы 1га. 300(үч жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.
3.Планировка 1га. 300(үч жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.
4.Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 500 (беш жүз) сом 15 литр күйүүчү май.
5.Арык тартуу узундугуна карабай 50(элүү) сом 5 литр күйүүчү май.
6.Эгин чабык (комбайн) 1 га. 1000 (бир миң) сом; 25 литр күйүүчү май.
7.Чөп чабык 1га. 1000 (бир миң) сом- 600 (алты жүз) сом 10 литр күйүүчү май.
8.Чөп таңгактоо бир даана таңгак 7(жети) сом 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.
9.Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 300(үч жүз) сом аралыгына карата
алыс болсо 10 литр, жакын болсо 5 (беш) литр күйүүчү май.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдогазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б . Назаров |