Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 28-январы № 27/4
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын
айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун 2019-жылга айылдык кеңешинин, айыл өкмөтүнүн түзүлгөн иш пландарын бекитип берүү маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3. Түзүлгөн иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңешинде түзүлгөн туруктуу комиссиясы менен бирдикте айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |