Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 28/2
Жайыт пайдалануу бирикмесинин 2018-жылдагы аткарган иштери, 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Жайыт пайдалануу бирикмесинин төрагасы К.Жукешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануу бирикмесинин 2018-жылдагы аткарган иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. 2018-жылга жайыт пайдалануу бирикмеси менен мал баккан чабандардын ортосунда түзүлгөн келишимдеги айрым чабандарга акт менен салынган штрафты, айыл өкмөтүндө түзүлгөн “Бузуулар жөнүндөгү” кодексинин негизинде иш жүргүзгөн комиссиясына актыларды тапшыруу жагы ЖПБ төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.
3. 2018-жылда келтирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарып, 2019-жылга иш план, растановканы, келишимдери жана мал акыларын чогултуу боюнча иш жүргүзүшсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 2019-жылга түзүлгөн бюджеттин долбоору (кирешелер жана чыгашалар) сметасы бекитилсин.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси-жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды бюджетке түшүрүү жана чыгымдоо (жыйналыштын токтомдорунун негизинде) иш алып баруу жагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго, эсепчиси Н.Керимбековго милдеттендирилсин.
6. ЖПБнин мүчөлөрү жана 3 адамдан турган ревкомиссиясы менен бирдикте Жобонун негизинде иш алып барып, жыйынтыгын айылдык кеңешке жана айыл өкмөтүнө маалымат берүү жагы тапшырылсын.
7. ЖПБнин төрагасы менен мал баккан чабандардын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 10-апрелден тартып ички кыштоолордогу сарайларга, 10-майдан тартып жайлоого көчүрүлсүн. Үлүш жерлердин тегерегинде, каналдын үстүндө, токойдун ичинде бир да мал калбасын. Эгеде аткарылбаса “Бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде иш жүргүзүп туруу жагы М.Жумалиевге тапшырылсын.
8. Мал баккан малчы-чабандар 1 баш малга төмөндөгүдөй баа чектелсин. (элдик жыйындын токтому менен).
Ири мүйүздүү малга; уйларга -350 сом.
Кой, эчки -35 сом, м.и. эчкиге-40 сом.
Тай, торпокторго-350 сом.
9. Мал баккан малчы чабандар түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 10-октябрдан мурун келип, малдарын элге таратып, күзгү оруп жыйноодо айдоодогу эгиндерди талкаласа, Жободо көрсөтүлгөн “Бузуулар жөнүндөгү” кодексинин негизинде жооп берилерин эскертилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөт башчы, айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |