Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 28/3
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнөн 05.12.2018-жылдагы № 196-буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун 05.012.2018-жылдагы чыккан № 196-буйругуна комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.12.2018-жылдагы № 196-буйругундагы комиссиянын курамы өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Жумалиев Мурадил-айыл башчы, комиссиянын төрагасы
- Нуркалиев Керим-мал догдур, комиссиянын катчысы
- Токушов Эркинбек- “Шамшы” МИ директору, комиссиянын мүчөсү
- Бойтоев Мурат- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
- Ыбышов Каныбек- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
- Курманбеков Кайрат- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
- Асакеев Бекбоо- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
- Көчөров Нурлан- айыл башчы, комиссиянын мүчөсү
- Акматов Нурлан- айыл башчы, комиссиянын мүчөсү
- Дүйшөналиев Маршалбек- айыл башчы, комиссиянын мүчөсү
- Чолпонкулов Марлен- Жаштар кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия курамы типтүү Жобого ылайык иш жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жооптуу катчы Ө.Ишенгуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |