Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 28/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчылары 2018-жылы аткарган иштери боюнча маалыматы жана 2019-жылга түзүлгөн иш пландары жөнүндө (Н.Акматов, Н.Көчөров, М.Жумалиев, М.Дүйшоналиев)
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдардын айыл башчыларынын 2018-жылда аткарып келген иштери боюнча маалыматтарын жана 2019-жылга карата иш пландары жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары аткарып келген иштеринде келтирилген, кемчиликтерди эске алуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
-Шамшы айылынын айыл башчысы Н.Көчөров себептүү ооруп калгандыктан, кийинки сессияда маалымат бери жагы калтырылсын.
-Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевдин берген маалыматында 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулуп бүткөн соц. объектилерди бүтүрүүдө жетектеп келгендиги эске алынсын. 2018-жыл ичинде функционалдык милдет кызматын аткарууда бир кыйла иш пландарын, отчёттуулугун аткарбай келгендиги, өткөрүлүп келгендиги эске алып, мындан ары өз убагында 2019-жылга түзүлгөн иш планында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата иш планда көрсөтүлгөндүгүн кошумча киргизип, малчыларды көчүрүүдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ЖПБнин төрагасы К.Жукешов менен биргеликте иш алып барсын.
-Жалпы иштин жыйынтыгы каралып, иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
-Кум-Дөбө айылынын айыл башчысы М.Жумалиевге 2018-жылдагы аткарып келген иштерине жана 2019-жылга карата түзүлгөн иш планына айтылган сунуштарды кабыл алуу менен ишине “Канааттандыраарлык” деп табылсын. Жазгы айдап себүү иштерине, техникаларды өз убагында ремонт иштерин жүргүзүүдө, мал баккан чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйында көрсөтүлгөн баккан малдын башын 700-800дөн ашырбоо жагын түшүндүрүү, жазга карата ички арыктарды тазалоо, туура көчөлөргө көпүрө койдуруу иштери колго алынсын.
-Бугучу айылынын айыл башчысы Н.Акматовдун 2018-жылда аткарып келген иштерине кээ бири аткарылбай калган иштерине айтылган сунуштарын эске алуу менен 2019-жылга түзүлгөн иш планына кошумча элдик жыйында айтылган сунуштарды эске алып, жалпы аткарып келген ишине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин. Өзүнүн айыл башчы кызматында иштеп жатып, функционалдык кызмат милдеттериндеги кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен башка берген тапшырмаларды аткарууга милдеттендирилсин.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн сын, сунуш, пикирлердин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |