Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 28/5
Кум-Дөбө айыл аймагындагы “Кум-Дөбө”, “Шамшы” муниципалдык ишканалардын бюджеттерин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу “Кум-Дөбө”, “Шамшы” муниципалдык ишканалардын 2019-жылдын бюджетин кабыл алып, бекитүү жөнүндө отчёт маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Токушовдун 2018-жылы жаңы уюштурулуп аткарып келген ишине, айтылган сунуштарды эске алуу менен “Канааттандыраарлык” деп табылып, ар бир айыл тургундары менен келишим түзүлүп, өз убагында салык жыйындарын аткаруу жагы тапшырылсын.
2. “Шамшы” муниципалдык ишканасы 2019-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштанды чыгарууга түзгөн иш планы, тариф бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
3. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун 2018-жылдан бери уюштурулуп иштеп келген ишине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин.
4. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы 2019-жылга түзүлгөн иш планында, тариф, кириш-чыгыша бир кыйла сын-пикир, сунуш киргизилгени эске алынып, кийинки сессияда каралып, бюджети кабыл алынып бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылып, бюджетти түзүү иштери боюнча жана аткарылышына жардам берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |