Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 28/6
Туризмди өнүктүрүүгө жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, жеке ишкер Нурбек уулу Ормондун келечекте туризмди өнүктүрүү, жаштарга шарт түзүү жөнүндө маалымат сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ички Сары-Ала-Саз жайлоосундагы “Көк-Булак” участкасынан туризмди өнүктүрүү боюнча жеңил конструкция менен боз үй тигип, этношаарча уюштуруу үчүн 0.50 га Нурбек уулу Ормонго берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн жер участогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыттарды туура пайдалануу” мыйзамдарын жана тиешелүү мыйзамдарды сактоо менен бөлүнгөн “Көк-Булак” участогун эрозияга учуратпоо жагы каралсын.
3. “Көк-Булак” участогун бөлүп, эки тараптуу келишим түзүү жагы ЖПБнын төрагасы К.Жукешовго, жер адиси Н.Осмоновдорго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |