Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынан кезектеги ХХVII-сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 28/7
Айыл тургундарынын огороддорунун ашык жерлерин бөлүштүрүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, жер адис Н.Осмоновдун 2003-2004- жылдагы мамлекеттик каттоо департаменти менен биргеликте огороддорун ченеп берилген убакта ашык огороддорду 0.20 га-дан 0.70 га-га бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл кыштактарда, огородго бөлүнгөн жерлердин 0.20га ашык жерин балдарына 0.07 га –дан 0.20 га-га чейин огородго бөлүнүп берилсин.
2. Келечекте жаштарга огород, там салууга 0.10 га гана жер бөлүнүп берилсин.
3. Айыл тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иш-кагаздарын бүткөрүп берүү жагы жер адис Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |