Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-январы № 18/4
Көк-Жар айыл аймагынын “ Алтын-Тастар булагы”суу пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Монкоевдин жана эсепчиси Г. Сакенованын 2017-2018-жылы аткарылган иштеринин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы“ суу пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 415740 ( төрт жүз он беш миң жети жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. “Алтын-Тастар булагы“ суу пайдалануучулар бирикмесинин таза сууга болгон мурунку элдик жыйында кабыл алынган тарифтери өзгөрүүсүз калтырылсын.
1. Үйгө суу киргизүү- 5000сом
2. Мончо жагуу- 500-сом
3. Тегирмен иштетүү-300-сом
4. Үйгө суу киргизилгенден кийин 100-сомдон түтүнгө төгүлсүн.
5. Уруксаты жок үйгө суу киргизип алгандарга-5000 миң
сом айып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкко алып, Нарын облусттук монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органы менен тарифтик бааларды макулдашып бекитип алуу жагы “Алтын-Тастар булагы“ суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Монкоевге милдеттендирилсин.
5. Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кадыракунов |