Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-январы № 18/6
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Мунициапалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга мунициапалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктуу актыларынын негизинде Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мунициапалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин веб-сайтына жарыяласын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктуу актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Жар айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кадыракунов |
Кѳк-Жар айылдык Кеӊешинин
VI чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясынын 2019- жылдын 16-январындагы
№ 18/6 токтомуна
1-тиркеме
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты стандартташтыру уга жооптуу орган | Муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы | Көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө кызматы | |
Нарын облусу, Кочкор району, Кѳк-Жар АӨ
| |||||
1 | 1 июнь,8-март, 9- май, майыптар, карылар, энелер кундору жана жылда, аз камсыз уй-булоодогу, жетим, тоголок жетим балдарга жана карыларга жардам беруу; | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
2. | Аз камсыз жалгыз бой кары адамдарды зарыл азык тулук продуктусу жана даары дармек менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
3. | Аз камсыз үй-бүлөөдөгү ден-соолугунан мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарды кышкы мезгилге көмүр менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
4. | Томолой жетимдерге материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
5. | Аз камсыз, коп балалуу уй-булоодогу балдарга, өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон балдарга (ДМЧА) жана жалан беш баасына окуган окучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезек тоо шарты менен жайкы эс алуу лагерине жолдомо менен камсыздоо. | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
6 | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койюуда отун жагынан жана башка жардамдарды берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
7 | Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуу балдарга майыптар кунуно белектерди тапшыруу; | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
8 | Көп балалуу жалгыз бой энелерге кышкы мезгилге жыгач отун менен камсыздоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
9 | Жалгыз бой кары адамдарды, 16 жашка чейинки 5 баласы бар аз камсыз үй-бүлөөлөрдү жана жетим балдарды кышкы мезгилде көмүр менен камсыз кылуу; | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
10 | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
11 | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы менен камсыз кылуу; | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
12 | Баткен коогаланына катышкандарга жардам беруу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
13 | Айыл чарба кунуно карата иш-чараларды уюштуруу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
14 | Үй – бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү. | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
15 | Чарбадагы малдын саны жана түрү жөнүндөгү тактама | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
16 | Гранттык түрдө келген каражаттарга, ишке ашкан долбоорлого жергиликтүү бюджеттин бош калган акча каражатынан өздүк салым катары которуу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз | |
Төрагасы А.Кадыракунов
Катчысы А.Аалыбаева