Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-январы № 18/7
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жонүндө
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-2018-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2019-жылга бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-2018-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү жана чыгашалар бөлүгү 225960 ( эки жүз жыйырма беш миң тогуз жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А. Айдакеевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кадыракунов |