Загрузка документа…
САРУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI чакырылышынын № 19 сессиясы
2017-жылдын 13-январы № 68
Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобосун” бекитүү жөнүндө
Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобосун” карап чыгып Алдашев айыл кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобосу” бекитилсин.
2. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Жобону жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Абдрахмановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Нурбек уулу Алишер |