Загрузка документа…
САРУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI чакырылышынын № 19 сессиясы
2017-жылдын 13-январы №70
Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин жана 2020-2021 жылга долбоорун бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «2019- жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга долбоору жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн фэб башчысы А.Орозбакованын жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекеме, ишканалардын сунуштарына ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарына таянып Алдашев айылдык Кенешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т:
1. Саруу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга келип түшүүчү кирешелердин көлөмү № 1 тиркемеге ылайык 17974,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттен 2019-жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 2 тиркемеге ылайык 17974,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2020- жылга бюджеттин долбоору № 3 тиркемеге ылайык 21897,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2021- жылга бюджеттин долбоору № 4 тиркемеге ылайык 24883,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айыл өкмөтү боюнча жалпы эмгек акынын көлөмү 3485,5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү булактар болгон жер салыгын,транспорт салыгын, а.ч. багытына кирбеген салыкты, огород салыгын, таштандыларды чыгаруу боюнча салыкты ж.б. салыктын түрлөрүн дыйкандардан жана салык ээлерин өз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Ч.Шакиржановага милдеттендирилсин.
7. Бюджетте каралган чыгымдар кырдаалга жараша беренеден беренеге, кварталдан кварталга,бөлүмдөн бөлүмгө айыл өкмөтүнүн буйругу менен жана бюджет-финансы комитетинин макулдугу менен жылдырууга мүмкүндүк берилсин жана которуп туура пайдалануу жагы финансы экономика бөлүмүнун башчысына А.Орозбаковага милдеттендирилсин.
8. Ижарага берилген КБФ дунун жерлерине тузулгон келишимдерди тактоо жагы айыл округунун жер бонча адиси Б.Минбаевке , ижара акыны чогултуп бюджетке түшүрүү жагы Ч.Шакиржановага милдеттендирилсин.
9. Мектеп окуучулары жана балдар бакчасындагы пайдаланылган таза суу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ИСКАКБнын эсебине 117,1 сом өлчөмүндө бекитилсин.
10.«Альфа» Мегаком компаниясынын Саруу айылындагы спорт мектебинин жанындагы уюлдук антеннасы турган жер аянтына ай сайын ижара акы үчүн түшүүчү 5000 (беш мин) сом акча каражаты бир жылга жалпы 60000 сом спорт мектебинин спорт оюндары үчүн пайдаланылсын.
11. 2019жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктери 18 эсебинде бекитилсин. (тиркелет).
12.Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суунун башындагы суу топтолуучу жайды кайтаруучу кароолчунун эмгек акысы жана социалдык чегерүүлөрү үчүн контрактык келишимдин негизинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн 70350 сом акча каражаты кошумча кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
13. Аксакалдар сотунун эмгек акысы жана социалдык чегерүүлөрү үчүн контрактык келишимдин негизинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн 42210 сом акча каражаты кошумча кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
14. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча электрондук веб-порталга бекитилген план боюнча жарыя берүүгө жана тиешелүү документерди тактап иш алып барууга Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 167 беренесине ылайык контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына жана социалдык чегерүүлөрүнө бюджеттин аппарат бөлүмүнөн 43687сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
15. Саруу айыл аймагындагы көчө жарыгына орнотулган электр чубалгыларын жарык берилүүчү лампочкаларын жана айыл өкмөтүнүн имаратынын электр чубалгыларын оңдоп турууга контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына жана социалдык чегерүүлөрүнө бюджеттин аппарат бөлүмүнөн 14070 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
16. Айыл аймагынын накталай жүгүртүлүүчү акча каражаты 185,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
17.Айыл кенешинин депутаттарына иш сапардык чыгымдары үчүн 50,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
18.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБММА нын 2016-жылдын12- октябрындагы №01-24 166 буйругунун негизинде айылдык кенештин торагасына эмгек акысына 6,5 мин сом жана социалдык чегерүүлөрү үчүн 1,1 мин сом жалпы 7,6 сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
19. Жергиликтүү бюджеттен долбоорду колдоо үчүн өздүк салым 1900,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
20. Эмгек акысы 5000 сомго жетпеген кызматкерлерге 200 сом кошумча электр энергиясы үчүн ай сайын төлөнүп берилсин.
21. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен резервдик фондго 166,2 сом акча каражаты каралсын.
22. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы Мамажан атындагы “Нур” балдар бакчасынын 2019-жылга ата-энелерден алынуучу взнос 600 сомдон каралсын , 2019-жылдагы атайын каражаттарынын киреше бөлүгүнүн планын 1350,0 сом көлөмүндө бекитилсин.
23. Мамажан атындагы “Нур” балдар бакчасындагы майып балдар тайпасына штаттык бирдиктеринин эмгек акысы үчүн 178,5 мин сом өлчөмүндө, социалдык фондко чегерүүлөрү 30,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
24. ЖКХ бөлүмүндөгү транспорттук чыгымдар беренесиндеги күйүүчү май үчүн каралаган 150,0 мин сом айыл ичиндеги иштер үчүн жумшалсын.
25. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы С.Сыдыков , Ж.Чабалдаев орто мектебинин жана Санатория башталгыч мектептеринин башталгыч класстагы окуучалынын ысык тамагы үчүн 452,7 мин сом акча каражаты каралсын.
26.Санатория жана Жууку айылынын жашоочуларынын мектепте окуган балдарын Кызыл-Суу жана Саруу айылына мектепке окууга ташуу үчүн кызмат көрсөтүү беренесинен 522,0 мин сом акча каражаты каралсын.
27. Жыл ичинде боло турган спорттук жана улуттук оюндар үчүн 250,0 сом акча каражаты каралсын.
28. Кызмат учурунда майып болуп калгандыгына байланыштуу Урдавлетов Сыртбайга компенсациялык төлөө үчүн 26,1 сом майыптыгы учун акча каражаты каралсын.
29.Озгочо кырдаалга 200,0мин сом акча каражаты бекитилсин.Каралган акча каражаты пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.
30.Библиотека бөлүмүнө техничкага бир штат бирдиги каралсын.
31. Каралган жергиликтуу бюджеттин макулдашуу жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
32. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин Финансы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Абдрахмановко жүктөлсүн.
33. Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Нурбек уулу Алишер |