Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 17/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин жана ветеринардык адистин аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Машаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кенешинин 6-шайланган кезектеги 17-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Ш.Бакмаматовдун бир топ иштерди аткарып жаткандыгы белгиленсин.
2. Алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жайытты натыйжалуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ш.Бакмаматовго милдеттендирилсин.
3. Ветеринардык адистин аткарып жаткан иштеринин аткарылгандыгына карабастан кемчилдиктер кетирилгендиги да белгиленсин.
4. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарында малдарды эмдөө, ит мышыктарды аттырууну өз мезгилинде аткаруу жагы, Сибирь жарасынын очогун ар бир алты айда дезинфекциялоону жүргүзүү ветеринардык адис Шайинбек уулу Динмуханбетке жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Акбашов |