Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 17/4
СООППВ “Кымыз-Булак” ишканасынын жетекчиси Мамытов Маматтын таза сууга болгон тарифтик төлөмдөрдү бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кенешинин 6 - шайланган кезектеги 17 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айылында таза-сууга болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
- Үйүндө суу түтүкчөсүн иштеткендер 1жылда 1600сом
- Көчөдөгү суу түтүктөн ташып ичкендер 1жылда 600 сом
- Коммерциялык ишканалар,фер.хозяйство 1м3 50 сом
- суу түтүкчөсүнөн там арка жериндеги бактарды сугаргандар Шевелеванын таблицасын негизинде литр куб. менен эсептелип,төлөнсүн.
2. Таза-суу кампанын үстүндө жайгашкан кожолуктарга менчик суу түтүкчөсүн чыгарууга тыюу салынсын.
3. Суу түтүкчөсүн короосунун ичинен чыгарууга уруксат алгандар 10 000сом өлчөмүндө акчаны СООППВ «Кымыз-Булак» эсеп счетуна жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу СООППВ «Кымыз-Булак» жетекчиси М.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Акбашов |