Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 17/6
Жаңы-Арык айылындагы эски мектептин китепканасын ФАПка реконструкциялоо жөнүндөгү А. Исмаиловдун сунушун угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кенешинин 6 - шайланган кезектеги 17 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылындагы эски мектептин китепканасын ФАПка реконструкциялоо үчүн 800 м2 жер аянты чектелип берилсин.
2. ФАПка реконструкциялоого АПУ даярдап берүү Алай райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жана каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Акбашов |