Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 17/7
Жаңы-Арык айылындагы жаңыдан уюшулуп жаткан көчөнүн атына Кошбаев Сайитттин атын коюу боюнча Жаңы-Арык айылынын элдик жыйынын протоколу жөнүндө айыл башчы А.Айдаралиевдин билдирүүсүн угуп жана таалкуулап Жаңы-Алай айылдык Кенешинин 6 - шайланган кезектеги 17 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылындагы жаңыдан уюшулуп жаткан көчөнүн атына Кошбаев Сайиттин атын коюу боюнча Жаңы-Арык айылынын элдик жыйынын протоколу жөнүндө айыл башчы А.Айдаралиевдин билдирүүсү жактырылсын.
2. Жаңы-Арык айылындагы жаңыдан уюшулуп жаткан көчөнүн атына Кошбаев Сайиттин аты коюлсун.
3. Жаңы-Арык айылындагы жаңыдан уюшулуп жаткан көчөнүн атына Кошбаев Сайитттин атына коюлгандыгы жөнүндө маалыматты Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Акбашов |