Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 19/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө КЭБ башчысы А.Пармановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кенешинин 6–чакырылышынын кезексиз 15–заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планына төмөндөгү үнөмдөлгөн бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | IV-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
701 | Аппарат | Башка курулмаларды капиталдык оңдоо | 3 111 |
| 642,7 |
704 | Эконом.воп-рос(жайыт) | Башка механизимдерди жана жабдууларды сатып алуу | 3 112 | 400,0 |
|
709 | Школа | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2 215 | 178,0 |
|
709 | Школа | Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу | 3 112 | 64,7 |
|
Бардыгы: | 642,7 | 642,7 | |||
2. Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Акбашов |