Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 72/XXV-1
Кайынды шаарынын мэриясынын Кайынды шаарындагы Кривенко кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Темир жол» клубунун имаратын бузуу жѳнүндѳ тиркелген документтери (жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун 2018-жылдын 4-декабрындагы корутундусу, Панфилов райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды катоо боюнча башкармасынын аныктамасы) менен кайырлуусун карап чыгып, бул объект Кайынды шаарынын мэриясынын балансында турат, бирок мамлекеттик катоодон ѳтпѳгѳндүгүнѳ байланыштуу, муниципалдык менчик эмес экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын негизинде Кайынды шаардык Кенеш депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Документтердин жетишсиздигине байланыштуу бул маселе кароосуз калтырылсын.
2. Кайынды шаарынын мэриясына “Темир жол” клубунун имаратына тиешелүү (мамлекеттик катоодон ѳткѳрүү жана бул объектиге муниципалдык менчикке укук белгилөөчү) документтерди алуусу кѳрсѳтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жана каттоодон өткөрүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин бюджеттик туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |