Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 75/XXV-4
Кайыңды шаарынын депутаты наамынын коомдогу, социалдык маанисин абройун жогорлотуу, депутаттардын Кайынды шаарынын кеңешиндеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен ѳз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен ѳз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып сүйлѳѳдѳгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18/89 буйругуна ылайык Кайынды шаардык Кенеш депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин социалдык туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |