Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 76/XXV-5
Панфилов раймамадминистрациясынын трансформатордук кѳмѳк чордондордун астындагы жер участокторун берүү жөнүндө катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамды жетекчиликке алуу менен Кайынды шаардык Кенеш депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарында жайгашкан 9 трансформатордук кѳмѳк чордондордун менчик укугун тастыктаган белгилѳѳчү документтердин жоктугуна байланыштуу бул маселе кароосуз калтырылсын
2. Кайынды шаарынын мэриясына Панфилов райондук электр тармактарынан (РЭТ) жогоруда кѳрсѳтүлгѳн бардык зарыл документтерди талап кылуусу кѳрсѳтүлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин бюджеттик туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |