Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 77/XXV-6
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18/88 буйругуна ылайык Кайынды шаардык Кенеш депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын аксакалдар сотунун ишинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Кайынды шаарынын каржы жана үнѳм бѳлүмүнүн башчысы А. К. Абдурасулов Кайынды шаарынын аксакалдар соту тарабынан төлөтүлгөн айыппулдарды бюджетке төгүү үчүн алыш-бериш эсебин жана банкын аныктоо боюнча ишти уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин социалдык туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |