Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 79/XXV-8
Кайыңды шаарынын тургуну, эмгектин ардагери Кобушко Николай Ивановичтин 80 жаш юбилейинин урматына карата, Кобушко Николай Ивановичтин жаш муундарды патриоттук багытта тарбиялоо, шаардын калкынын коомдук туруктуулугун сактоо жана улуттар аралык достукту чыңдоодогу көп жылдык эмгегин эске алып, “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобого ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кобушко Николай Ивановичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |