Редакцияот 12.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 12-декабры № 80/XXV-9

Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине сый акыга уруксаат берүү жөнүндө

 

Кайыңды шаарынын мэринин сунуштамасын карап чыгып, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2018-жылдын жыйынтыгындагы жетишкендиктерин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис” муниципалдык мекемесинин жана шаардык кенештин, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине 2018-жылдын жыйынтыгы менен бир айлык кызмат орундук маяна өлчөмүндө сый акы берүүгө уруксаат берилсин.

2. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов