Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 49/XII-27
Красноречка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджокматовдун “Дөңгөлөктүү трактордун базасында ХСМG Фронталдык жүктөөчү атайын техникасынын акылуу тейлөө жүргүзүүгө баасын аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп, талкуулап, Айылдык кеңештин депутаттары төмөндөгүлөрдү белгилешти: Красноречка айыл аймагынын жайыт жерлерин жакшыртуу үчүн акылуу тейлөө жүргүзүү талап кылынат жана алардын баасын бекитүү зарыл, Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Айылдык кеңешти
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красноречка айыл аймагынын жайыт жерлерин жакшыртуу үчүн акылуу тейлөө жүргүзүү үчүн дөңгөлөктүү трактордун базасында ХСМG Фронталдык жүктөөчү атайын техникасынын акылуу тейлөө жүргүзүүгө баасы 1 саатына 1000 (бир миң) сом бекитилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга (И.Зия) жүктөлсүн
Төрага | М. Джекшенбеков |