Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-ноябры № 63/XIV-27
Красноречка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджокматовдун Акайбаев Кайдылда Асановичти ардак тактага киргизүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттары К.Акайбаев 1995-жылдан бери спорт менен алектенип, жаштарды дени сак жашоого үгүттөп келээрин жана спорт боюнча райондук, республикалык иш чараларга катышаарын белгилешти. Айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын жараны Акайбаев Кайдылда Асанович көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак тактага киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Белек кызы Айгеримге жүктөлсүн.
Төрага | М. Джекшенбеков |