Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-октябры № 11/8
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин сессиясынын № 6\4 токтому менен бекитилген Кашка-Жол айыл аймагынын 2013-2018-жылдардагы жаңыланган социалдык-экономикалык планын эске алып айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын кѳчѳлѳрүнѳ шагыл тѳгүү үчүн жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен бѳлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттинен Октябрь айылынын кѳчѳлѳрүнѳ шагыл тѳгүү үчүн бѳлүнгѳн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |