Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 96
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин, “Шумкар” балдар бакчасынын кышка карата даярдыгын жана 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамактардын берилиши боюнча маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин, “Шумкар” балдар бакчасынын кышка карата даярдыгы айылдык Кеңештин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын заседаниенин токтомунун негизинде жакшы деп белгиленсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептерге келген көмүрлөрдүн сапаты начар болгондуктан келишимге ылайык, келген көмүрлөрдү кайра алып кетүү жагы каралсын жана мектептердин электр энергиянын лимиттерин көбөйтүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймаыгынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамактардын берилиши боюнча айылдык Кеңештин Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуш пикирлер, кемчиликтер эске алынып, Токтогул райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ишкер А. Сапаркуловага эскертилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамактардын берилишин көзөмөлдөө үчүн айылдык Кеңештин депутаттарынан төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
К.Чодошев атындагы орто мектепке -А.Сулпукоров, Д.Молдоболотов
А.Ибраимов атындагы орто мектепке - А.Боргемиков, Айтмурза уулу Азизбек
Ж.Чаргынов атындагы орто мектепке -М.Нуржакыпов, Э.Бакиев, Б.Табалдиев
С.Чекиров атындагы орто мектепке - М.Бердигулов, Э.Сагынбеков, К.байсопуев
М.Термечиков атындагы орто мектепке - Э.Бусурманов, Ж.Болотбеков, Э.Мутуев
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу К.Чодошев, А.Ибраимов, Ж.Чаргынов, С.Чекиров, М.Термечиков атындагы орто мектептердин 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамактардын берилиши.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча жана курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча комиссия курамына тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |