Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 97
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы №01-18 /26 сандуу буйругун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобо жана төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин.
Ө.Төрөкулов -Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
А.Жуманазаров - Айыл аксакалы, пенсионер, комиссиянын орун басары
К.Сулпукорова - Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
Э.Мутуев - Айылдык кеңештин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы
М.Базаркулов - Айылдык кеңештин депутаты
М.Нуржакыпов - Айылдык кеңештин депутаты
Б.Чекирова - Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы
Э.Мураталиев -Айыл өкмөттүн айыл башчысы
А.Кайыпжанов -Аксакалдар сотунун төрагасы
И.Токонтаева - Аялдар кеңешинин төрагасы
А.Абдыраимов - Айыл аксакалы, пенсионер
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобонун негизинде иш алып барышсын жана аткарган иштери туралуу жылда айылдык кеңештин алдында отчет беришсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |