Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 98
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын токтомун угуп, талкуулап Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 27.11.2018-жыддагы № 4 токтому эске алынсын.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башкы адиси К.Сулпукорованын сунушу эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы багар көрөрү жок адамдарга кошумча 11000 (он бир миң) сом кошумча каражат бөлүнүп берилсин.
Камыш-Башы айылынын тургуну Абдырахманов Кубатбекке даарыланууга 15000 сом каражат бөлүнүп берилсин.
Орто-Жон айылындагы Баткен согушунун Баатыры маркум Эрландын ысымы берилген көчөдөгү турак жайлардын катар номерлерин жаңылатып жаздырып, көчөнүн багытын көргөзүп туруучу белгини жасатууга 20000(жыйырма миң) сом бөлүнүп берилсин.
Камыш-Башы айылынын тургуну өтө-жакыр үй-бүлөө Турумбекова Анарага кышка карата отун алуу үчүн 10000(он миң) сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мектептерге кышка карата даярдыктарды көрүү үчүн төмөндөгү каражаттар бөлүнүп берилсин.
Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебине 3 жылыткыч алуу үчүн 13500(он үч миң беш жүз) сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектебине 10 жылыткыч алуу үчүн 45000(кырк беш миң) сом, 2 даана автомат алуу үчүн 10000 (он миң) сом, жалпы 55000(элүү беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектебине 50 метр зым сетка, 50 метр профил, техниканын акысына 10000 (он миң) сом, жалпы 23000(жыйырма үч миң) сом бөлүнүп берилсин.
Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектебинин санитардык-гигеналык абалын жакшыртууга керектүү материалдарды алуу үчүн 10370 (он миң үч жүз жетимиш) сом бөлүнүп берилсин.
Орто-Жон айылындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебиндеги 1-4 класска чейинки окуучуларга берилүүчү ысык тамакты даярдап берүү үчүн керектүү буюмдарды алууга 20000(жыйырма миң) сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектебиндеги дене-тарбия сабагы боюнча кабинетти оңдоого 5360 (беш миң үч жүз алтымыш ) сом бөлүнүп берилсин.
Камыш-Башы айылындагы Ж.Чаргынов мектебине 3жылыткычка, 1 автомат, трансформатор майына баардыгы: 20000(жыйырма миң ) сом бөлүнүп берилсин.
Жалал-Абад областык окуучулар арасындагы турнирге барып-келүү жол акысына 7700( жети миң жети жүз) сом бөлүнүп берилсин.
Айыл башчы Д.Садабаевдин сунушун эске алып, Коңур-Өгүз суусуна баруучу жолго труба алууга 9000 (тогуз миң) сом бөлүнүп берилсин.
Камыш-Башы айылына коюлуучу көмөкчү чордондун керектүү тетиктерин алууга 40000 (кырк миң) сом бөлүнүп берилсин.
Айыл өкмөттүн аткарган иштерин, иш-чаралардын өткөрүлүшүн чагылдырып маалымат берүү үчүн айыл өкмөтткө проектор алууга 25000 (жыйырма беш) миң сом бөлүнүп берилсин.
Бел-Кара-Суу, Шайык айылдарынын, Таш-Кечүү участкасынын окуучуларын мектепке алып келип, үйлөрүнө алып кетүү үчүн автомашина алууга кошумча 250000 (эки жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
Талас областында өткөн улуу залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеге катышып келген спортчулардын жол акысы , тамак ашына жана спорттук иш-чараларга 34200(отуз төрт миң эки жүз) сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы спорт комплекстин дубалын, полун сырдоо үчүн 50000( элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
“Шумкар” бала бакчасын кышка карата даярдыктарды көрүү үчүн керектүү буюмдарды алууга 32155(отуз эки миң бир жүз элүү беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
Опоз,Чеч-Дөбө айылдарынын жолун оңдоого 50000(элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |