Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 99
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камыш-Башы айыл аймагындагы № 35 Ж.Чаргынов атындыгы орто мектебинин директорунун 17.10.2018-жылдагы № 83 сунушун эске алып, Ж.Чаргынов атындыгы орто мектебинин математика сабагынын мугалими, эл агартуунун отличниги Тургуналиева Гүлнарага Сыргабаевнага билим берүү тармагында көп жылдык эмгектерин баалап “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. Ардактуу атуул наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |