Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 100
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл- Өзгөрүш айыл аймагындагы К.Малабашов атындагы ооруканага медициналык таштандыларды залалсыздандыруучу (УМО) жай курууга ооруканга тиешелүү жер аянттан 160 кв метр жер аянтын бөлүнүп берилсин.
2. Бул жер аянтты КРнын жер кодексине жана курулуш архитектура мыйзамдарына ылайык карап, тиешелүү райондук мамлекеттик ( мам каттоо, шаар куруу архитектура, сан эпид көзөмөл, мам экотех көзөмөл) органдар менен биргеликте жогорудагы белгиленген жер аянтты мыйзамдуу бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |