Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 101
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Камыш-Башы айылындагы А.Чаргынов атындагы көчөсүнө 160 кв кубатуулуктагы көмөкчү чордонун орнотууга 20 кв метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш аймагындагы Бууракан айылындагы электр энергиясы менен камсыздап турган жер тилкесин Токтогул электр тармактар ишканасына бекитилип жана укуктук документтерин мыйзамдаштырууга керектүү АПУ жана ИПУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |