Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 103
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2017-2018-жылдарга карата бөлүнгөн акча каражаттарынын жумшалышы жөнүндөгү Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
2. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2017-2018-жылдарга карата бөлүнгөн АРИС тарабынан мал чарбасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында сатылып алынган ХОВО жүк машинасы үчүн жамааттык салым катары айыл өкмөттүн атайын эсеп счетунан 800000 (сегиз жүз миң) сом жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |