Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-августу № 78
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кызыл-Байрак айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча айылдын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын 2-июлундагы № 3 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Байрак айылынын айылга бала бакча ачуу боюнча 2018-жылдын 2-июлундагы № 3 жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Кызыл-Байрак айылынын көптөгөн үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү максатында Кызыл-Байрак айылынын тургуну Калбаев Шермаматтын өзүнө таандык турак үйүнө эки тайпалык бала бакча ачууга макулдук берилсин.
3. Балдар бакчасын ачуу жана ага ысым ыйгаруу боюнча Кызыл-Байрак айылында 2018-жылдын 2-июлундагы өткөрүлгөн элдик жыйындын № 3-токтомунун негизинде жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын добуш берүүсүнө ылайык, балдар бакчасы “Жамбы-Апа” балдар бакчасы деп аталсын жана аталышы юстиция органынан макулдук суралсын.
4. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук экотехинспекциядан жана өрт коопсуздугу башкармалыгынан, райондук санитардык-эмпидемиялык көзөмөл борборунан, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, райондук электр тармактары ишканасынан талапка ылайык юридикалык документтик бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Ушул токтомду аткаруу жана тийиштүү юридикалык документтик иштерин бүткөрүү жагы Кызыл-Байрак айылынын тургуну, бала бакча боло турган турак-жайдын ээси Калбаев Шермаматка жүктөлсүн.
6. Суралсын райондук каржылоо бөлүмүнөн жаңыдан ачылуучу балдар бакчасын мамлекеттик бюджеттен каржылоо жагы.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, байланыш жана социалдык маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |