Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-августу № 81
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 78-79-беренелерине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айлык планынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Салам-Алик айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына калган калдык акча каражатынын ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2215 статьясына 1620,0 сом жана билим берүү бөлүкчөүнүн 2222 статьясына 60,0 миң сомго кошумча план берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнүн 6 айлык планынан лицензия кармагандыгы үчүн төлөмдөн 1680,0 сомго жана чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүкчөсүнөн 2215 статьясынан 1680,0 сомго пландан кыскартылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |