Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-августу № 82
Айыл чарба жерлерин ар кандай жерлерге которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145-Мыйзамынын 3 жана 7-беренелерине ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин сунушунун негизинде Салам-Алик айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери категориясынан ар кандай жерлери категориясына которуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Которуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана бүтүрүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |