Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры № 84
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 78-79-беренелеринин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталынын жергиликтүү бюджетине жана атайын каражат эсебинин 2218 статьясына кошумча план киргизүү жөнүндө жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган жумуштарын баалоо боюнча кошумча план бекитүү жөнүндө Салам-Алик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталына Кызыл-Байрак айылындагы бала-бакча ачылгандыктан 2218 статьясына тамак-аш сатып алуу үчүн кошумча жергиликтүү бюджетке 17,0 сом план берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө” Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308-Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик кызматчыларынын ишин баалоо боюнча комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 24-январындагы № 1 протоколуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик кызматчыларына тиешелүү коффициенттеги кошумча эмгек акы жана кезектеги класстык чендер үчүн айыл өкмөтүнүн тиешелүү сметасына кошумча 253700 сомго план берилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |