Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры № 85
“Муз-Булак” көмүр кен участкасына 10 кВ электр чубалгыларын тартуу боюнча “АБКЕ” жоопкерчилиги чектелген коому ишканасынын жетекчилигинин 2018-жылдын 4-октябрындагы № 109-10-11-сандуу жана “Адылбек” жоопкерчилиги чектелген коому ишканасынын жетекчилигинин 2018-жылдын 4-октябрындагы № 28-10-18-сандуу кайрылуу каттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-25-27-беренелерин жетекчиликке алып Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муз-Булак” көмүр кен участкасына 10 кВ электр чубалгыларын тартуу боюнча“АБКЕ” жоопкерчилиги чектелген коому ишканасына жана “Адылбек” жоопкерчилиги чектелген коому ишканасына электр чубалгыларын тартууга уруксат берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтү менен көмүр кен ишканалары өткөн жылдардагы көмүр үчүн түзүлгөн келишимдерди аткаруу жагы “АБКЕ” ЖЧКна жана “Адылбек” ЖЧКна милдеттендирилсин.
3. Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү жашоочуларына 10 кВ трансформатор коюуга бекер уруксат берилсин.
4. “Муз-Булак” көмүр кен казуу участкасына электр чубалгыларын тартуу үчүн ИТШ жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |