Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры № 87
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жасалган долбоор боюнча 15,7 га жерди көмүр казып иштетүү боюнча убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү “Жазы” АОнун 2018-жылдын 5-октябрындагы № 29-сандуу катын талкуулап Салам-Алик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жазы” акционердик коомуна Ак-Терек айылындагы Торгой-Төбө участкасынан көмүр казуу жана иштетүү боюнча 15,7 га жер аянтын берүү маселеси Ак-Терек айылынын жалпы элдик жыйынында жана Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясында каралып, 2019-жылдын жаз айларында жалпы сессияда каралсын.
2. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |