Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

 

2018-жылдын 15-ноябры № 90

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын калган калдык акчасынан Ак-Терек айылынын мончосунун ремонтуна акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 78-79-беренеле рине ылайык Салам-Алик айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын калган калдык акчасынан Ак-Терек айылынын мончосунун ремонтуна 120000-00 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнсүн жана төмөндөгү бөлүкчөлөгө ылайык смета түзүлүп иштетилсин:

-ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2221 статьясына 120000-00 сом;

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Таштемиров