Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

 

2018-жылдын 15-ноябры № 91

Айыл өкмөтүнүн аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча айылдык тескөө бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча айылдык тескөө бөлүмүнүн инспектору Ильязов Нурсултандын 2018-жыл он бир айындагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Таштемиров